КҮЙӨӨМДҮН ДЕНЕСИН КАРМАЛАП ЖАТКАН АЯЛДЫ ЭЛЕСТЕТИП, КЫЗГАНЫП ЖАТАМ…

486

Күйөөм жакында эле телефонунан массаж  жасаган келинге жазыптыр. Кокусунан телефонун кармалап жатып көрүп калдым. Жумуштан кийин массажга барып, кеч келип, көңүлү көтөрүлүп жүрөт. Бөлөк эле жаш келинге денесин кармалатып массаж жасатканын элестетип алып, кызганычтан айламды таппай жүрөм. Өзүм болсо жакында эле көз жарып, эми акырындап өзүмө келип жатам. Өзүмө кам көрүүгө, сулуу көрүнүүгө аракеттенип эле жатам, бирок күйөөм массаж жасатканы барган сайын көңүлү көтөрүлүп жүргөнү мени кыжырлантат. Үйдө күтүп, тамагын жасап, кирин жууп, балдарын багып зарыгып күтүп отурган аялы көрүнбөй эле, көчөдөн жылмайып койгон сулууну көрсө өздөрүн жоготуп койгон эркектер ай!  Бир нерсе десем, “сени жакшы көргөн үчүн жашап жатам” деп алдап коймою бар. Гулиза