Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

8

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Бишкекте өткөн маалымат жыйында кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди.

“Бүгүнкү күнү биздин мамлекетке пайда алып келгим келет. Мындан улам министрлик кызматтан кетип, Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо өз талапкерлигимди көрсөтүүнү чечтим”, – деди ал.