ШАЙЛООГО КАТЫША ТУРГАН ПАРТИЯЛАРДЫН ТИЗМЕСИ

437

Дагы үч партия күздө өтчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Ага ылайык, “Таза коом”, “Бүткүл жаштар саясый партиясы” жана “Адам-Демократ” партиялары шайлоодо ат салышпай турган болду. Буга чейин шайлоого катышууга бел байлаган “Кут”, “Ак калпак”, “Улуу журт”, “Ар-намыс”, “Бийлик элге”, “Эл биримдиги”, “Кыргызстан коммунисттер партиясы”, “Бирик”, “Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы”, “Эмгек”, “Демократ” партиялары өз алдынча чыга албай калышкан.

Бүгүнкү күндө 30 партия шайлоого расмий түрдө катышмакчы. Алар: “Ата Мекен”, “Мекенчил”, “Мекен Ынтымагы”, “Ордо”, “Чоң Казат”, “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы”, “Актив”, “Кыргызстан жумушчулар партиясы”, “Республика”, “Агрардык партия”, “Бир Бол”, “Кыргызстан жашылдар партиясы”, “Социал-демократтар”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Ыйман Нуру”, “Мекеним Кыргызстан”, “Жаратман эл”, “Биримдик”, “Реформа”, “Эл үнү”, “Улуу Кыргызстан”, Кыргызстан социал-демократтар партиясы, “Тартип-Порядок”, “Замандаш”, “Кыргызстан патриоттору”, “Элдик көзөмөл”, “Нур” либералдык-демократиялык партиясы, “Өнүгүү Кыргызстан”, “Билим Илим Ордосу”. 

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрь күнү өтөт. 

“Sputnik-Кыргызстан”