Кыргызстанда сутка ичинде 218 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 36 миң 615

13

Кыргызстанда сутка ичинде 218 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 107, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 25, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 21, Баткен облусунда 19 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 36 миң 615ке жетти.