Күйөөм мурунку сүйгөнүн таап алып,үй-бүлөбүз бузулду

529

Үй-бүлө куруш кыйын бузуш оор экен. Азыр менин 11 айдан берки бактылуу үй-бүлөмдүн башында кара булут каптап, жолдошум экөөбүздүн ортобузда кара мышык аралады. Жолдошум экөөбүз Москвада иштеп жүрүп үйлөнгөнбүз. Бишкекте жумуш болбогондон кийин кайра эле чогуу Москвага келип иштеп жүрөбүз. Азырынча ортобузда бала деле жок. Мындан бир жума мурун ооруп ооруканага көрүнө албай мурда чогуу жашаган эженин таанышына көрүнгөнү ал эженикине кеткем. Чынын айтсам эки күн ошол эже ооруканага көрсөтүп анализ тапшыртып үйгө келбей калгам. Үчүнчү күнү үйгө келсем жолдошум мага чейин жолугуп жүргөн кызын ээрчитип келип жатышыптыр. Андан да шейшепти ваннага сууга чылап коюптур. Кийми жок калгансып күйөөмдүн спортивкасын кийип кетиптир. Аны деле билбей калмакмын. Күйөөмдүн кийими менен сүрөткө түшүп мага вотцаптан жөнөтүп койду. Ушундан улам күйөөм экөөбүз жолдо келе жатып уруша кетсек мени элдин көзунчө урду. Кетип бара жаткан эки орус жигит ажыратып милицияга кайрыл дешти эле бир аз басылып үйгө чейин кубалашып бардык. Анысы күндө чалып экөө бир сааттан ашуун сүйлөшөт. Анан күйөөм мени : “Бегимайдын жинине тийбе болбосо сени өлтүрүп коем. ” –деп мени ашатып жаман сөздөр менен сөгүп жатат. Ата-энеме айтып ажырашып жатам десем апам эл караткан бетимди жер каратпа сенден кетти деп мени күнөөлөп койду. Кайын журтум болсо мени күнөөлөп кете берсин дешти. Күйөөм болсо өзүнүн күнөөсүн мага оодарып суудан кургак чыгып кетти. Азыр тааныш эженикинде жашап жатам.