Мени менен секс кылганың үчүн төлөш керек

1440

Мындан бир жыл мурун зордуктаганы аз келгенсип, кылганына акча төлөтүп, тоноп кеткен адамга сот чечим чыгарып, он беш жылга эркинен ажыратылды.
Маалыматта, базардан келе жаткан аял эки эркек таанышына жолугуп калган. Алар кыйналып жатканын айтып бир арак алып берүүсүн суранат. Тааныштарынын көңүлүн кыйбай арак алышып, жалпы таанышынын үйүнө барышкан. Таанышы да кызуу болгон. Үй ээси менен бир нерсени чечип алууга башка бөлмөгө кирип кайра чыккан аял сумкасынын ачылып калганын байкайт. Ичинде телефону жок болуп чыгат. Бир таанышы жакында эле абактан чыкканын айтып телефонун андан көрөт. Ортолорунда чыр чыгып, ал дааратканага жөнөйт.
Дааратканадан чыкса алдында телефонун уурдап алды деген таанышы турган болот. Ошол жержен таанышы кекиртектен алып огороддун ортосуна сүйрөп барып жардам сурап кыйкырганда бир нече жолу бетке муштап зордуктап салат. Андан кийин бирөөгө айта турган болсо өлтүрүп сала турганын эскертет.
Аял сыртын тазалап бүткүчө таанышы сумкасын аңтарып күмүш чынжырчасын алып койгон болот. Аял шаар аралык телефондон өз телефонуна чалганда ал таанышынын ич кийиминен чыккан. Ошондо гана телефонун алып алганын эгерде балтика 9 пивосун алып берсе гана бере турганын билдирет. Аялды дүкөнгө ээрчитип барып, пиво алып дүкөнчүгө 1000 сом берген. Кайрып берген акчаны таанышы колунан жулуп алып “секс үчүн да төлөш керек” деген. Бул менен жөн калбаган таанышы акчаны да актайын дегенби аялды ээн тамга сүйрөп кирип зордуктап салат.
Таанышынан кутулгандан кийин аял милицияга арыз жазган. Сотто таанышы аялды зордуктабаганын жөн гана экөөнүн ортосунда жыныстык катнаш болуп жүргөнүн айткан.

ARGUMENT. KG