Базар-Коргондо 90 жаштагы пенсионерди сабаган кишинин ким экендиги аныкталды

35

Базар-Коргон районунда милиция кызматкерлери 90 жаштагы пенсионер Аваз Кыргызбаевге кол салган адамды аныктады. Бул тууралуу журналисттерге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча катталган.

“Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет. Алдын ала маалыматтар боюнча, Аваз Кыргызбаевди 60 жаштагы Э.О. аттуу жаран токмоктогон. Ал Базар-Коргон районунун тургуну”, – деп билдирди бөлүмдөн.

Эске салсак, 10-июлда белгисиз адамдар 90 жаштагы пенсионер Аваз Кыргызбаевди сабап кетишкен. Кол салуудан кийин ал киши ооруканага жаткырылып, операция жасалган.