Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун өлүмүнүн себеби кайра каралып чыкты

28

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун өлүмүнүн себеби кайра каралып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 1 миң 490 киши каза болгон. Ал 3,5%ды түзөт.

Ал билдиргендей, коронавирус жуктуруп каза болгондордун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

“Комиссиянын ишинин жыйынтыгы көрсөткөндөй коронавирус жуктуруп каза болгондордун 29%ынын өлүмүнүн себеби коронавирус жана пневмония эмес, башка оорулар болуп чыкты. Жалпы 3,5% деп айта турган болсок, так себептерин аныктагандан кийин 2,4% деп айтууга болот. 1 миң 53 адам коронавирус жана пневмониядан каза болгон”, – деди ал.

Ал билдиргендей, Улуу Британия менен Испанияда каза болгондордун өлүмүнүн себеби кайра каралып чыккан.

“Улуу Британияда жаңы ыкма боюнча эсептегенде каза болгондордун саны 5 миң 359га, Испанияда 2 миңге азайды”, – деди ал.