Бүгүн Кыргызстанда 318 адам коронавирустан сакайып чыкты

94

18.08.20. Кыргызстанда дагы 318 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 60 адам, Ош шаарында – 30, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 71, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 49, Баткен облусунда 28 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 34 миң 885ке жетти.