Бишкекте жоголгон 6 жаштагы Чыңгыз Шамшиев аман-эсен табылды

24

Бишкекте жоголгон 6 жаштагы Чыңгыз Шамшиев аман-эсен табылды, – деп билдирет Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 16-августта Ленин райондук милициясына Н.Н., аттуу шаар тургуну кайрылып, “Ак-Өргө” конушунда үйдөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы баланы таабууда жардам сураган.

Бала ошол эле күнү Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан “Ак-Өргө” конушунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринин жанынан табылып, аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Ленин райондук милициясы жарандардын же үй-бүлөңүздүн коопсуздугуна коркунуч жаралса, анда дароо милициянын жакынкы бөлүмүнө кайрылууну “102” номерине чалуу керектигин эске салат.