Акыркы суткада Баткенде бир адам коронавирустан каза болду

55

 17.08.2020  Акыркы суткада Баткен облусунда бир адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) жалпы 1 миң 496 адам каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 991ди түзөт. Алардын ичинен 34 миң 567 киши айыгып чыкты, 1 миң 496 адам каза болду.