Партияларга кысымдар башталдыбы? Кысым кимдер тарабынан болушу мүмкүн?

336

«Ыйман Нуру» саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Михаил Халитовдун «Азаттыкка» партиянын жетекчилигине басым-кысым болуп жатканын билдирди.

«Партияга олуттуу басым жасалууда. Саясий кеңеш партиянын мүчөлөрүнөн кимдир-бирөөнүн жоготор нерсеси болсо партиядан чыга берсин деген чечим кабыл алды. Атаандаш партиялар тарабынан биздин партиянын лидерине карата коркутуп-үркүтүү «Ыйман Нурунун» шайлоого катышуусуна тоскоол болбошу керек», – деди ал.

Ушундай эле пикирин партиянын дагы бир мүчөсү Динара Ашимова да билдирди. Буга үндөш дооматтар социалдык тармактар аркылуу да таратылып жатат. Ошол эле учурда партиянын жетекчилиги ким басым кылып жатканын ачык айткан жок.

Ошол эле маалда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдонду. Кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Урматтуу шайлоочулар!
«ЫЙМАН НУРУ» партиясынын лидери!

«Ыйман Нуру» саясий партиясы шайлоого барбайсынар деген көрсөтмө келди. Себеби «Ыйман Нуру» партиясы радикал партия деген шылтоо менен, шайлоодон четтетүү аракети башталып жатат.

Эмне деген адилетсиздик, теңсиздик. Жеке мен бул шылтоого каршымын. Биздин катарда ар улуттун өкүлдөрү жана ар түрдү кызмат ээлери бар, ошондой эле ислам динин кармагандар көбүрөөк, себеби Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүн Ислам динин кармагандар түзөөрү чындык.

Ошону менен бирге, биздин катарды, курулушчулар, өндүрүшчүлөр, завод-фабриканы куруп жаткандар, юристтер, маданият өкүлдөрү, жаштар, жаңы жүздөр түзөт. Мурунку 5-6-чакырылышта отурган депутаттар жок тизмеде. Жаңылар, жаштар болгону үчүн шайлоого барбайсын деп жатабы? Түшүнүксүз!

Үмүт бир гана сиздерге Кыргызстандыктар, келечекти чечүү сиздердин колдо.

«Ыйман Нуру» саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкер.
Мирлан Даанышман