Искендер Гаипкулов “Бажа-гейт” каарманы И.Рысалиевди мат кылганы каңкууланды

350

“Замандаш” партиясынын алдыңкы тизмесине кирүүгө жулунуп барган Иманкадыр Рысалиевди депутат Искендер Гаипкулов четке тартып, “Имаке, сиз “Бажа-гейт” менен булганып калгансыз да, бизге кошулсаңыз иш чатак, элдин добушунан куржалак калабыз” дегени ыраспы? Ортодон дагы кер-мур кептер айтылып, кырдыбычак кырдаалга жетпей калышканы каңкууланды. Ачууланган И.Рысалиев интрига отун тутандырып, альянска кошулуп аткан “Эмгек” партиясын коктудан ары каңгытып жибергени кандай? Ошентип, “Замандаш” партиясынан бакыт табууга батынып, бирок, тилеги ташкапкан “Бажа-гейт” каарманы аламан оюндарына аралаша албай, шаабайы сууп, бир жерин кыпчыган боюнча оолак кетиптир эй! 

“Азия Ньюс” гезити