Муфтийдин демилгеси менен Бишкектеги таштанды полигонунда иштегендерге ун таратылды

18

Муфтий Максатбе Токтомушевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын таштанды полигонунда иштеген жарандарга ун таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 12-августта муфтийдин демилгеси Бишкек шаарынын четинде таштанды полигонунда иштеген жарандарга кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чарада Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эсепчиси Султан Момунов полигондо таштанды терип, күнүмдүк оокатын өткөрүп келген 60 үй-бүлөгө 10 килограммдан ун таратты.

“Мындай кайрымдулук иш-чарасы дагы уланып, кийинкисинде 100 үй-бүлөгө берилмекчи”, – деп айтылат муфтияттын маалыматында.