Дастанбек Жумабеков: “Күнөөлүүлөрдүн баары жоопкерчилик тартышат”

80

“Күнөөлүүлөрдүн баары жоопкерчиликке тартылат”- деди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков “Govori TV” маалыматтык агенттигинине берген интервьюсунда Өкмөттүн өпкөнүн кагынышы(пневмония) илдети кескин көбөйүп кеткен учурдагы ишине баа берип жатып.

”COVID-19 илдетинин күчөшү Өкмөт үчүн күтүүсүз болду.
Өкмөт мүчөлөрү мындай нерсеге даяр эмес экендиктерин көрсөтүшүп, ооруу менен кантип күрөшөөрдү, кандай дары-дармектерди колдонуп, адамдарды кантип дарылоону билбей калышты.
Алар көп катачылыктарды кетиришти. Мезгили келгенде мунун баары тууралуу айтылат”- деди Төрага.

Парламенттин жетекчиси өпкөнүн кагынышы илдети күчөп турган мезгилде Өкмөттү чакырып, анын ишине тоскоолдук кылган туура эмес болоорун белгиледи.

“Биз алардын бар күчү менен иштөөсүнө кам көрүп, колдон келген жардамыбызды бердик.Өкмөт катачылыктарды кетирди, күнөлүүлөрдүн баары жоопкерчилик тартышат” -деди Төрага.