Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

21

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду, – деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 29-чакырымында (Тору-Айгыр айылы) Hyundai Sonata жана КамАЗ унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен эки киши (1 эркек, 1 аял) каза болуп, бирөө жаракат алган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматы Чолпон-Ата шаардык ооруканага алып кеткен.