Курсан Асанов сотто Разаковду баш, күбөнү төш кылып жарга такады

4704

Кечээ, 1-май райондук сотунда Курсан Асановдун ишине байланыштуу сот отуруму болуп өттү. Сотто жабырлануучу Разаков суралып, жактоочулардын берген курч суроолоруна толук кандуу жооп бере албай, мукактанып жатты. Кээ бир суроолорго эки башка жооп берип, талкууга жем таштады. Тагыраагы, жактоочу Токтакунова анын Тажикстанга болгон сапарына байланыштуу суроо берип, өзү түшүнүк катта жазган жанындагы Өзбекстандык кесиптешинин тагдыры эмне болгонун сурады. Бул суроого Разаков анын тагдыры кандай бүткөнүн билбейм деди. Ал арада жактоочу ошол учурдагы алардын Тажикстанга болгон сапарына байланыштуу Өзбекстан бийлиги аны камакка алганын билдирди. Андан соң Разаков тайсалдап, “ооба камалганын уккам” деп балп этти.

Кыскасы, жактоочулардын суроолоруна ынанымдуу жооп бере албай чайналган Разаковдун былыктары соттук иштин жүрүшү менен ачыкка чыгып калбайбы?

Сот отурумунун жүрүшүндө Разаков соттун чечими чыкпай туруп, Курсан Асановду жана башкаларды айыптоого ашыкты.

Андан соң Курсан Асанов дароо сөз алып, жабырлануучу Разаковго кайрылды.

“Жабырлануучу Разаков биринчи отурумда да, азыр дагы бир “топ” жөнүндө айтып, алдын ала чечим чыгырып, күнөөлөп, өзүнүн өтө кызыктар экенин билдирип жатат. Жабырлануучу Разаков, соттук процесс эми гана башталды, көптөгөн фактылар алдыда ачыкка чыгат. Менин тагдырымды сиз дагы, бул жерде олтурган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы чече албайт. Сот чечет. Баары жараткандын колунда. Менде тиешелүү далилдер бар. Алдын ала чуркабай турсаңыз, соттун чечими чыккандан кийин сүйлөшөбүз. Түшүнүк кат боюнча суроо бербейм, ансыз деле баары түшүнүктүү болду. Сиз Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жетекчиси болгонсуз. Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мен боюнча чыгарган тыянагына толугу менен макул эмесмин. Ал тыянакты сиз жаздыңызбы же башкасы жаздыбы аны көрөбүз. Азыр эч кандай чечим чыга элек. Кийинки соттук отурумдарга келип катышканда көрөсүз, бардык чындык чыгат. Сиз жөнүндө көп нерсени күбөлөр келип айтып берет.” – деди Асанов.

Курсан Асановдун сөзүнөн кийин Разаков “албетте сот чечет” деп башын ийкеди.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияны ошол учурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген. Дал ошол мезгилде Разаковдун арызына ылайык, Асановго дагы бир иш козголгон. Демек, Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы катары соттошуп жаткан Курсан Асановго каршы ор казышы мүмкүн да, туурабы? Бул жагдайда жеке кызыкчылыктар кагылышпаганына ким кепилдик берет?

Ошондой эле соттун жүрүшүндө ИИМ тарабынан күбө катары келген өкүл суралды. Адаттагыдай эле күбө дагы жактоочулардын суроолоруна так жооп бере алган жок. Мындан тышкары, күбөгө Курсан Асанов тикелей суроолорду берип жарга такады. Кайран күбө тайсалдап, түз суроолорго так жооп берүүдөн качкактап, ар-кайсыны бир айтып айландырып быйтап жатты. Мындайча айтканда, “оң жакка барсаң өзүң өлөсүң, сол жакка барсаң атың өлөт” дегендей эле болду.

ЧЫНДЫК