Беларус бийлиги “Настоящее Время” телеканалынын үч кызматкерин өлкөдөн чыгарды

37

Беларус бийлиги “Настоящее Время” телеканалынын үч кызматкери – Юрий Баранюк, Ирина Ромалийская жана Иван Гребенюкту өлкөдөн чыгарды.

Аларга айтылган чечимге ылайык, үч журналист тең депортацияланып, өлкөгө киришине 10 жылга тыюу салына турган болууда. Бийликтин чечими менен журналисттер Украинанын Одесса шаарына жөнөтүлөт.

Ромалийская менен Гребенюк Украинанын, Баранюк Орусиянын жараны. Алар муну телеканалдын 6-августтагы эфири менен байланыштырып жатышат.

Июлдун ортосунда Беларуста президенттик шайлоонун алдындагы бийликтин кадамына каршы акцияларды чагылдырып жүргөн медиа кызматкерлери да кармалган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Беларус бөлүмүнүн эки кызматкери кармалып, кайра бошотулган.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Боршайком беш талапкерди каттоодон өткөрдү. Алардын арасында өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко да бар.