Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитет Түркиядагы кыргызстандык футболчуга сыйлык берди

220

Түркиянын «Галатасарай» футбол клубунун жаштар командасында ойногон 14 жаштагы кыргызстандык Бекназ Алмазбеков Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитетинен (International Fair Play Committee) футбол беттешинде таза оюн көрсөткөнү үчүн «World Fair Play Awards» сыйлыгына татыган. Бул тууралуу Түркиянын олимпиадалык комитети маалымат таратты.

2019-жылы март айында «Галатасарайдын» 14 жашка чейинки оюнчулары «Стамбулспорт» командасы менен беттешкен. Оюндун 42-мүнөтүндө «галатасарайчылардын» капитаны Бекназ Алмазбеков чабуул коюп баратып, атаандашын алдоо учурунда жыгылып кеткенде калыс пенальти дайындаган. Бекназ эсепти жаңыртуу ордуна пенальти болбогонун айтып, көрүүчүлөрдү да, атаандаштарын да таң калтырган.

Калыс чечимин өзгөртпөй, пенальти тептиргенде Бекназ буга каршылык билдирип, топту дарбазага эмес, четке тээп койгон. Кыргызстандык жаш футболчунун бул аракетин атаандаштары да кол чаап кубаттап, түркиялык жана дүйнөлүк медиа жаш футболчу үлгү көрсөткөнүн жазып чыгышкан.

Эл аралык комитет Бекназ Алмазбековдун бул кадамын таза, акыйкаттуу деп баалап абройлуу сыйлыкты тапшырган. Бекназ Алмазбековдун футболдогу жетишкендиги бааланып, түркиялык жергиликтүү университеттерден да сыйлыктар тапшырылган.

«World Fair Play Awards» абройлуу сыйлыгы таза, калыс оюн көрсөткөн спортчуларга жылда бир ыйгарылат.