COVID-19 илдетинен дагы төрт кыргызстандык кайтыш болду

133

Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы төрт киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу онлайн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Талас облусунда – 1, жана Нарын облусунда бир адам коронавирустан кайтыш болду.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 451 киши каза болду.

Кыргызстанда 7-августка карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 503 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 39 миң 162ни түзөт. Алардын ичинен 30 миң 764 киши айыгып чыкты, 1 миң 451 адам каза болду.