ЭМНЕ ҮЧҮН АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВДУ МИГРАНТТАР КОЛДОШОТ?

190

Ардактуу мекендештер! 

Акыркы күндөрдө группаларда, соцтармактарда Москвадагы мекендештердин, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкуловдун дарегине айтылган орунсуз доомат жөнүндө КР жараны катары өз пикиримди билдирип кетким келди. 

2020-жыл бир эле биздин өлкө эмес, дүйнө жүзүнө күтүлбөгөн оор, чоң сыноонун жылы болду. Кичинекей биздин өлкө эмес, өнүккөн бай Европа өлкөлөрү да даяр эмес кырдаалда жарандарын жоготту. Карантин убагында ушул эле Россияда, Москва шаарында канчалаган элчиликтин эшиги жабылды. Элчилик эмес мамлекеттик карантин жарыяланып, баарыбыз үйдө отурууга мажбур болдук. Алган айлыктарын көнгөн адатынча мекенге, жакындарына салып жиберип, күнүмдүк нанына саналуу тыйын алып калып, эптеп жашап көнгөн мигранттарыбыз абдан оор абалда, ачка, кээси батиринин акысын төлөй албай көчөдө калышты. Биздин элчи кызматкерлери менен коом, уюмдарды тартышып, активдүү жаштар менен жардамын аяшкан жок. Ошол чогулушта кыйкырып, көзүнчө да, артынан да сын айткан кээ бир акчалуулар ошол учурда кандай жардам беришти? Балким, өз айылы, району үчүн жардам бергендир, Кудай ыраазы болсун. Балким, биздин элчи башка өлкөлөрдүн элчилериндей болуп, карантин жалпы мамлекеттик масштабда жарыяланганын бетке кармап, элчиликтин эшигин жаап салып, элди “эмне болсоң, ошо бол” деп койсо болот беле? Болот болчу, укугу бар эле… Эч ким сын да айтып, жалаа да жаба алмак эмес. Биздин дипломаттар, элчибиз башында туруп, ооруса да иштешти. Иштебеген кишиге сын жок! А бизде, тилекке каршы, баарыбыз сынчы болуп кеттик. Мамлекетке доо артпай, адегенде “өзүбүз өлкө үчүн эмне жасадык?” деген суроону берсек кандай сонун болот эле… Мигранттар үстүнөн президент болгусу келген, өздөрүн “жогорку” деп атаган, маанилүү чоң жыйындарда микрофон бербеген, кандай иш-чара болсо да пиар кылгандарга не дейбиз? Карапайым мигранттарды адам ордуна көрбөгөн, эл үчүн эмгек кылган жаштарды тебелеп, бышып калган эмгегин тартып алууга чейин барган адилетсиз окуялар өтө эле көп болгонун кайда жашырабыз? Алар менен кандай гана деңгээлде уруш-талаш болгонун мигрант мекендештер жакшы билишет. Учурда ошол “жогоркулардын” мыйзамы бузулуп, карапайым эл, өзгөчө жаштар менен элчиликтин иш алып барып жатканы кубанычтуу. 

Ал эми мекенге каттаган чартердик рейстер боюнча айтсам, эгер элчи ал маселени жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп чечпесе, анда да “күнөөлүү” демекпиз да. Ошол эле Оренбургга барып алышып, элди укпай, айлап жатып, мээнет менен мекенге кайтарылган жарандар боюнча “элчи элге вирус жайылтып жиберди” деп кыйкыруу туурабы? Эмне үчүн элчиге жалаа жаап, өзүбүз элге, коомчулукка туура маалымат бербедик, токтотподук? Аларды үгүттөп акча кылып жаткан такси айдоочуларды кармап, бетин ачып, уят кылбадык? Канча миңдеген ар кандай абалдагы жарандар жетти жакындарына, рахмат дебейлиби?! Кетпей калышса, “акчабыз бар” дегендер, багат белеңер? Мурдагы элчибиз Болот Исаковичтин учурунда элчиликтин эшиги “плотно” жабылды эле го? Иш-чара өткөрүүгө элчиликтин залын сураганда, тескери жооп алганыңар жалганбы? Президент, премьер-министр, же дагы бир мамлекеттик чоң кызматкерлер келгенде гана Болот Исакович спикер болуп, жыйын өткөрүп, эл менен баарлашпай эле кетип калганда эч ким үн чыгарчу эмес эле го… АКШга элчиликке кетип жатып, узатуу аземине чакырса чуркап барып, чайын ичип, тебетей кийгизип, ода арнап узаттык эле го? Ал киши консулдук бөлүмгө электрондук талон менен кезек күтпөй кирүү маселесин чечип кетти. Балким, пандемия учурунда ал киши болгондо башка мамлекеттердин элчилериндей эле эшикти бекем жаап салмак, бирибиз унчуга алмак эмеспиз. 

Мигранттардын заманбап макалына айланган “пахта төшөө” деп түшүнбөй, туура кабыл алыңыздар. Аздыр-көптүр эл менен иштешип, чындыкты чыркырата сүйлөп, адилетсиздик болуп калса, ичкен ашымды таштап, акыйкаттык талашкан жаным, бул ирет дагы четте карап тура албай, ачык оюмду жазып кетүүнү туура көрдүм. 

Албетте, беш кол тең эмес, элчиликтин атын жамынып, кээ бир кызматкерлер элге орой, одоно мамиле жасагандары да жок эмес. Андай тартип бузуулар болсо, Аликбек Жекшенкулов ар дайым арыз-муңду угууга даяр экендигин да далилдеген, акыйкат, дасыккан дипломат. Жакында “Азаттыкка” берген маегинде “карантинде кадр маселеси, кимдин ким экени билинди” деген сөзүнө да абдан ыраазы болдум. Жарандык активисттердин “дипломаттык кызматташууга билимдүү мигрант жаштардан тартыңыз” деген сунушун колдогонуна баа бердим. Ал эми элчи катары эл менен канчалаган иштерди алып барып жатат: мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мекенге, элге жардамдар жөнөтүлүүдө. Жок дегенде жардам бербесек дагы, өз арабабызды түз айдап, чыныгы мээнетин, ишин баалап, ыраазы болууну үйрөнбөйлүбү?! Туура маалымат берели, жакшы жолго үндөйлү, жаштарга ыраазы бололу. Күнү-түнү “элим” деп кандай гана асыл жарандарыбыз чуркап жүрүшөт? Алар менен сыймыктаналы! 

Урматым менен Зарыл Өмүралиев, КРУЖСнун мүчөсү, акын 

“Азия Ньюс” гезити