Чабал өрдөктүн образындагы “алкомагнат” Шаршенбек Абдыкеримовго эл ишенеби?

312

Айтылуу “алкомагнат”, жалпак тил менен айтканда – каргыш тийген, далайдын тагдырын талкалаган аракты сатып байыган Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки) өзү түптөгөн “Кыргызстан” партиясын аламан жарышка жан-алакетке түшүп таптап аткан маалы. Дал ушул “алко-магнат” алгач учкан “чабал өрдөктүн” кейипкери сымал биринчилерден болуп партиясынын съездин өткөрүп, жарышка түшкөн “күлүктөрүнүн” тизмесин түзгөнгө жетишти. Сапка тизилген талапкерлери кимдер дебейсиңери? Көпчүлүгү мурда-кийин элге пайда-батасы тийбеген өңчөй бизнесмендерди толтуруп алганы көңүл айнытууда. 2015-жылдагы шайлоодон жеңип келген “Кыргызстан” партиясынын курамын болсо көргөнсүңөр да. Акыл-эстүү, элди ойлосо куру дегенде азыркы жаңы курамды ыңгайдан пайдаланып, зирек, кыраакы балдар менен жаңылап алмак да. Чынбы? Же баскан кадамынан дүйнө, акча табууну максат кылган бул көпөстөн мындан башка акыл чыкпай калабы? Дүйнө-мүлктөн башканы ойлобогон, арам менен адалды аралаштырып салган көпөстүн акыл-кошчулары шефин “кой-ай” дегенге жарашпайбы? Болбодубу эми? Элди качанкыга чейин алдай беришет? Биз мындан ары да элди аты жаман арак менен сугарып көнгөн Шакинин командасынын 2015-жылы берген убадаларын эстеп кɵрдүк (8-9-беттеринди караңыз).

Булак:Де-Факто