Депутат Тазабек Икрамовдун кызы Самина 9 ай топтогон акчасын Сузактагы оорукананын курулушу үчүн берди

2122

10 жаштагы Самина Икрамова Сузак районундагы оорукананын курулушуна өзүнүн чогулткан акча каражатынан бөлүп берди. Бул тууралуу Фейсбуктагы Санрабия Кубанычбекова аттуу колдонуучу билдирди.

Кечээ, 2-августта, ал Сузак районунун активисттерине чалып, тогуз ай ичинде топтолгон 7017 сомду берүүгө чакырды.

“Коронавируска каршы күрөшүүдө ар ким жардам берип жатат, мен дагы жардам бергим келет. Мындан ары эч ким оорубасынчы,” – деп айтып акчасын тапшырган.

Белгилей кетсек, Самина Икрамова депутат Тазабек Икрамовдун кызы.

Булак:Кыргызтудей