Бишкекте бир жума ичинде 46 мас айдоочу кармалды

25

Бишкек шаарында 26-июлдан 1-августка чейин 2 миң 876 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат
башкармалыгынан билдиришти.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

– мас абалында унаа айдагандар – 46 айдоочу;
– унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып айдагандар – 12 айдоочу;
– айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар – 86 айдоочу;
– башка жол эреже бузуулар.

Айып аянтчасына 386 унаа коюлуп, анын 102си эвакуатор менен чыгарылган.