Беларуста талапкер Тихановскаянын жолугушуусуна миңдеген адамдар катышууда

25

Президенттик шайлоого бир жума калганда президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын шайлоочулар менен жолугушуусун улантып жатат. Учурда камакта жаткан белгилүү блогер Сергей Тихановскийдин жубайы шайлоо алдында президент Александр Лукашенконун негизги атаандашы катары сыпатталууда.

Тихановская түрдүү шаарлардагы жолугушууларына жүздөгөн, кээде миңдеген адамдар чогулуп жатышат. Аны талапкерликке катталбай калган Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалонун жубайлары коштоп жүрүшөт. Үч талапкердин штабдары чогуу аракеттенишүүдө. Бабарико учурда тергөө абагында камакта. Цепкало өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Светлана Тихановская шайлоодо утуп чыкса, жарым жылдан кийин бардык талапкерлердин катышуусунда жаңыдан президенттик шайлоо өткөрүүнү убада кылууда.

Беларустагы президенттик шайлоо 9-августта өтөт. Ага беш талапкер, алардын ичинде азыркы президент Александр Лукашенко да ат салышат.

Лукашенко өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жатат. Ал шайлоо алдында күч органдары жана аскер кызматкерлери менен активдүү жолугушуп жатканы кабарланды.