Адам өмүрүн алган кырсыктан саясат издеп, бейкүнө адамды каралоого кимдер кызыктар?

651

Талас облусунун губернаторунун кеңешчиси Марслатбек  Шералиев жол кырсыгына кабылган. 30-июлда болжол менен  саат алтылар чамасында Талас районунун Көк-Токой айылынан 53-жаштагы губернатордун кеңешчиси Шералиев Марслатбек «Тойота Фораннер»  унаасы менен велосипедчен 25 жаштагы жигитти сүзүп, токтоно албай жол жээгинде токтоп турган  «Мерседес Гигант» унаасына урунган.

Жыйынтыгында жол кырсыктан  велосипедчен жигит жабыркап, ооруканада көз жумганы кабарланган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми кырсыктын күнөөкөрү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.

Бул каргашалуу окуядан айрым жумурткадан кыр издеген бузукулар саясат издеп, бейкүнө адамдарды каралап жатканы кандай?

Тагыраагы, “30-июль күнү Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков спикер Дастан Жумабековдон сыйлыкка алган алтын саатын жууп, облусттук акимчиликтин аткаминерлерин тойлоткону, ошол тойдо аракка тоюп чыккан “губернатор” Марат Мураталиевдин кеңешчиси Марс Шералиев мас абалында машина айдап баратып, 26 жаштагы велосипедчен жигитти сүзүп кеткен.” – деген жалган маалыматтар тарап жатат.

Албетте, мындай маалыматтардын таралышына кызыктар тараптын бардыгы айкын дечи. Бирок, адам өлүмү менен коштолгон кырсыкты саясатка айлантууга кантип диттери жетти экен? Жалган жалаанын айынан ансыз да уулунан ажырап кайгырып турган үй-бүлө менен бейкүнө адамдарды кагылыштырып койбойлу?

Биз, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков менен байланышканыбызда ал Төрагадан саат алганы чын экенин, бирок эч кандай отуруш уюштурбаганын билдирди. Ошондой эле кырсыкка кабылган Марслатбек Шералиевди эртең менен иш үстүндө көргөнүн, андан кийин аны көрбөгөнүн, ал күнү өз иштери менен алектенгенин күбөлөр менен тастыкап бере алаарын кошумчалады.

Дегенибиз, кабырганы кайыштырган кырсыкты саясатка айлантып, Төраганы баш кылып, облус жетекчилигин төш кылып каралоого ашыккан бузукулар жоопсуз калбашы керек.