COVID-19: Кыргызстанда дагы 17 адам көз жумду

189

 Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жана пневмониядан 17 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эртең мененки онлайн брифингде билдирди.

  • Бишкек шаарында – 9 бейтап;
  • Чүй облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 4.

Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1364 адамга жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-июлда COVID-19 илдети жана пневмония боюнча статистика бириктирилгенин маалымдаган