Кыргызстанда сутка ичинде 1 131 адам коронавирустан айыкты

44

Кыргызстанда дагы 1 миң 131 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 415 киши, Ош шаарында – 77, Чүй облусунда – 165, Ош облусунда – 86, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 148, Жалал-Абад облусунда – 112, Талас облусунда – 42, Баткен облусунда 62 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда жалпы коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын саны 24 миң 474кө жетти.