Жаңы 631 учур. Кыргызстанда COVID-19 жуккандардын саны 35 миң 143кө жетти

187

Кыргызстанда 30-июль саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 631 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 35 миң 143 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 118
  • Ош – 89
  • Чүй облусу – 81
  • Ош облусу – 74
  • Талас облусу – 27
  • Нарын облусу – 13
  • Ысык-Көл облусу – 94
  • Жалал-Абад облусу – 85
  • Баткен облусу – 50