Ювентус” клубу тогузунчу ирет Италиянын чемпионатынын жеңүүчүсү болду

21
epa08567964 Players of Juventus FC celebrate after winning the Serie A title (Scudetto) for ninth consecutive season at the Allianz stadium in Turin, Italy, 26 July 2020. EPA-EFE/ALESSANDRO DI MARCO

Футбол боюнча Италиянын чемпионатынын 36-турунда “Ювентус” клубу 2:0 эсебинде “Сампдория” командасын жеңип алды. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы жазат.

Бул жеңиши менен “Ювентус” чемпионаттын жыйынтыкталышына эки тур калганда эле чемпион аталды. Аталган команда 83 упай топтогонго жетишти.

Белгилей кетсек, “Ювентус” клубу тогузунчу ирет Италиянын чемпионатынын жеңүүчүсү болду.