Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою стипендия алат

435

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 26-июндагы токтомуна ылайык, учурдагы дүйнө чемпиону ай сайын 20 миң сомдон алат.

Чоңдор арасындагы олимпиадалык спорттун бардык дүйнөлүк чемпиондору өмүр бою стипендия алышат. Азыркы учурда Тыныбекова чоңдор арасындагы жалгыз Дүйнө чемпиону. 2019-жылы Нур-Султан шаарында (Казакстан) күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетип, Токиодо (Япония) өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Өмүр бою стипендияны Тыныбекова учурдагы жетишкендиктери үчүн стипендия алгандан кийин ала баштайт.