Кытайга гуманитардык жардам жѳнѳтүү эң туура чечим болгон (же экс-министр К. Чолпонбевдин негизсиз айыпталуусу жөнүндө)

288

Айрым ММКларга мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Ѳмүрбекова менен мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин пандемия убагындагы ишмердиктери жѳнүндѳ терс маалыматтар чыгып, ал коомчулукта бир топ талкууларды жаратты. Ал маалыматтардын негизинде экѳѳсү суракка алынууда. Айрыкча Космосбек Чолпонбаевдин Кытайга берилген гуманитардык жардам боюнча айыпталып, жардамды уюштурууда беткаптарды арзан алып, кымбат бааны көрсөтүп, ортодон акча жасаган деп күнѳѳлѳнгѳнү күлкүлүү нерсе. Себеби, Кытайга гумжардам кыргыз ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 7-февралындагы №39-р “Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Кытай Эл Республикасына гуманитардык жардам кѳрсѳтүү жѳнүндѳ” буйругунун негизинде уюштурулган. Саламаттыкты сактоо министрлиги келишим түзүп, сатып алууларды жүргүзүп, ѳкмѳттүн буйругун ишке ашырган.

Медалдын экинчи бети да бар дегендей, ошондогу вице-премьер А. Ѳмүрбекова менен министр К.Чолпонбаевге тагылган айыптоолордо канчалык негиз бардыгын карап кѳрөлүк.

Эсибизде, 2020-жылдын февраль айында Кыргыз Өкмөтү пандемиядан жабыр тартып жаткан Кытайга жалпы суммасы 4 млн. сомдук гуманитардык жардам жөнөткөн. Ал убакта беткап, респираторлор арзан болгондуктан ар бири 2-4-6 сомдон сатылып алынган. Бул жарыбаган жардамыбыздын ордуна Кытай өкмөтү кайра бизге жүз эселеген көп өлчөмдө жардамын берди. 7 миң даана тест-система, 200 миң беткап, 10 миң респиратордук беткап, 200 миң реагент, 500 термометр жардамга алдык. Мындан сырткары, кытайлык “Altynken LLC” тоо кен компаниясы 200 миң доллар каражат бөлсө, Кытайдагы эң бай адам Джек Ма 300 миң долларга жакын жардамын көрсөттү. Ал эми жакында бюджеттин эсебинен Кытайдан 500 дем алдыруучу концентратор сатылып алынарын өкмөт башчы К. Боронов билдирди.

Кытайда коронавирус илдети күч алып, карантиндик режим киргизилген маалда кыргыз ѳкмѳтүнүн Кытайга жогорудагыдай гуманитардык жардам жѳнѳткѳнү канчалык туура болгон? Мындай суроо берип атканыбыздын себеби, маалымат каражаттарында Кыргызстандын Кытайга гуманитардык жардам кѳрсѳткѳнүн сынга алышып, бул акча жасоо үчүн гана ишке ашырылган дегендей пикирлер айтылып, жазылды. КРнын эл аралык чукул абалдарда жардам кѳрсѳтүү жѳнүндѳ мыйзамдары боюнча эксперт, эмгек сиңирген юрист Гуля Рыскулованын айтымында, ѳзгѳчѳ кырдаалдар маалында бир мамлекеттин экинчи мамлекетке гуманитардык жардам кѳрсѳтүүсү эл аралык мамиледе практикаланып келаткан кѳрүнүш. Кыргызстанда “Эл аралык чукул кырдаалдар жѳнүндѳ” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ал акчалай, материалдык, жабдуу, кызмат кѳрсѳтүү же иш-чараларды ѳткѳрүү аркылуу берилиши мүмкүн. Ал үчүн жабыр тарткан ѳлкѳнүн жардам суроосу талап кылынбайт, гуманитардык жардам бергиси келген ѳлкѳ ѳз каалоосу менен кайтарымсыз түрдѳ берет. Бул ѳлкѳлѳр ортосундагы андан аркы саясий жана экономикалык алакаларга сѳзсүз таасирин тийгизет. Жогорудагы мыйзамдын 4-беренесинде гуманитардык жардам кѳрсѳтүү ѳлкѳлѳр менен элдердин достугун бекемдѳѳ, Кыргызстандын дүйнѳлүк гуманитардык жана экономикалык процесстерге интеграциялашуу, эл аралык гуманитардык кызмат кѳрсѳтүүлѳр рыногун үйрѳнүү ж.б. үчүн керектиги белгиленген.

Гуля Рыскулова Кыргызстан гуманитардык жардамдарды кѳрсѳтүп турушу керектигин тѳмѳнкүдѳй белгилейт: “Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек, эгерде биздин ѳкмѳт эл аралык гуманитардык ишмердүүлүккѳ катышпаса, кандайдыр кырсык болгондо, же чукул кырдаалдарда башка ѳлкѳлѳрдѳн гуманитардык жардам күтпѳй эле коюшубуз керек. Биз Кытайга гумжардам бербей койсок деле болмок. Бирок анда бизге Кытай азыркыдай жардамдарды кѳрсѳтѳт беле?”, – деген суроо салат.

Кыргызстан гуманитардык жардамдарды алып эле келеби же берип да келеби? 2013-жылы кыргыз ѳкмѳтү Ѳзбекстандын Барак эксклавына 1 млн. сомдон ашык жардам кѳрсѳткѳн. 2015-жылы Тажикстанга 3 млн. 362 миң 984 сом суммасында гумжардам жѳнѳтүлгѳн. Ушул жылы кыргыз ѳкмѳтү тарабынан Ѳзбекстандын Сардобин суу сактагычындагы жарылуудан жабыркагандарга 1 миң тонна цемент, 100 тонна күрүч, 10 тонна суу май түрүндѳ жардам жѳнѳттү.

Бул ѳңүттѳн алганда, кыргыз ѳкмѳтүнүн Кытайдын Ухань шаарында пандемия жарыяланган маалда Кыргызстандын гуманитардык жардам жѳнѳткѳнү эң туура чечим болгон. Кытай жардам сурап кайрылбаган учурда да колубуздан келишинче жардам беришибиз керек болчу. Анткени, ага бизди ШКУнун алкагында Кытай менен КРнын ортосунда жарандык коргонуу боюнча макулдашуу да милдеттендирет. Албетте, гуманитардык жардам жѳнѳтүү чечимин кээ бир маалыматтарда айтылгандай, саламаттыкты сактоо министрлиги кабыл алган эмес. Ѳкмѳттүн нормативдик документтеринин негизинде, республикалык штаб менен биргеликте кабыл алынган чечими болгонун жогоруда сѳз кылдык. Анан бул чечим үчүн жалгыз К. Чолпонбаевди күнѳѳлѳп, ага айып тагуунун канчалык негизи бар? Бир нерсени белгилей кетсек, карантин маалындагы чечимдердин баары ѳкмѳт тарабынан республикалык штаб менен биргеликте кабыл алынып турган. Саламаттыкты сактоо министри катары К.Чолпонбаевдин сунуштарды берүүгѳ укугу болгон, бирок ѳз алдынча чечим кабыл ала алган эмес. Кѳрүнүп тургандай, бул бир адамдын же бир министрликтин эмес, коллегиалдуу чечим. Логиканы ээрчисек, анда гуманитардык жардамды жѳнѳтүү чечими, 4 млн. сомго беткаптардын жана респираторлордун сатылып алынганы үчүн Чолпонбаевди эле эмес, штабдын бардык мүчѳлѳрүнѳ айып тагылышы керек. Демек, бул чечимден кылмыштын курамын издѳѳнүн ѳзү эч бир акылга, логикага сыйбас нерсе. Тескерисинче, ошондо Кытайга гумжардам жѳнѳтүү чечимин кабыл алгандарга рахмат айтышыбыз керек. Убагында өкмөт тарабынан кылынган жардам жана Кыргыз мамлекети менен Кытай мамлекетинин ортосундагы эл аралык катнаштын натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин илдетке каршы күрөшүү багытында алгылыктуу гумжардамдар берилип келүүдө.

Эксперт Гуля Рыскулова: “Мындан ары чет ѳлкѳгѳ гумжардам берүүдѳ ушундай кѳрүнүштѳр кайталанбашы үчүн жардам берүүнүн так тартиби, эрежеси иштелип чыгышы керек”, – деп эсептейт.

Камчы Кадыров