“Замандаш” партиясы катарын калыңдап, шайлоого өз алдынча чыгабы?

1285

Күздөгү боло турган парламенттик шайлоо жакындаган сайын, партияларга жан кирип кыймылдай башташты. Айтайын дегенибиз, буга чейин бийликтин партиясы катары “Замандаш” партиясынын аты аталып, негизги күч катары аламанга аттанаары айтылып келген. Кийин бул маалымат четке кагылып, иш жүзүндө “Биримдик” партиясы ачыкталып чыга келди. Андан кийин ындыны куруган “Замандаш” карайлап калганы маалым. Ал гана эмес лидерлери салмактуу партиялар менен биригүү процестерин баштап жиберген жайы бар. Ал арада партиянын алдыңкы төрт тың чыкмасы бири-бирине байланып, биригүү процесстерин үзгүлтүккө учуратканы боюнча каңшаар кептер айтылып келет.

Акыры биригүү жаатында жолу болбогон соң, кайрадан бийликтин клон партиясы катары аламанга аттанаары айтылууда. Көрөгөч Маамыттын айтымына таянсак, жогорудагы лөктөр партиянын катарына Аскар Салымбеков баш, Марат Султанов, Артур Медетбеков төш болгон капчыктуу саясатчыларды кошуп бергени айтылууда. Албетте, булардын парламент босогосун аттаар-аттабасын убакыт көрсөтөт дечи, бирок калктын айрым катмарын алып коюшу абзел…

ЧЫНДЫК