Жанар Акаевди фейктер каралаган сайын колдогондор көбөйүүдө

943

Эрдик жана каармандык дегендин ар кандай түрлөрү бар го. Жоо жаракты шайланып, эл четинде, жоо бетинде жүрмөк бар – бул бир эрдик. Экинчи эрдик – ойдун, пикирдин эрдиги, баатырларча айтылган батыл сөздүн эрдиги.
Каармандык- кандайдыр бир кырдаалда мамлекеттик деңгээлде, элдин көңүл чордонунан орун алуу, калк сүймөнчүгү болуу.

Ушул сапаттардын айкашуусу эл башында, журт туткасы болом деген азаматта сөзсүз болууга тийиш.
Ушундай сапаттарга ээ, сүймөнчүк эл уулу.
Сөзүндө мөөрү, жүрөгүндө жалыны бар кыргыз уулдарынын бири- Жанар Акаев экендиги талашсыз экен.
МЕН ЭМНЕ ҮЧҮН Janar Akaev жана анын командасын ТАНДАДЫМ?
Соңку кездери Акаевга болгон каралоо күч алды. Ар кандай фейк аккаунттар менен түрдүү фотошопторду жасап группаларга таратып фейк армия иштеп жатат.
Оппонентин сыйлабаган, ачык күрөшкө бара албаган. Татыктууну аңга түрткөн партиялардан жакшылык кутсө болобу?
Мен алардын ыплас жол менен шайлоого баратканын , фейктер менен каралап жатканын көрүп кадимкидей жийиркендим.
Жаштыктын жалындаган энергиясы, билим-тажрыйбанын ширешүүсү андай бийликтин фонунда өзгөчөлөнүп тургандыктан Жанар Акаевди колдоону туура таптым.

Улан Дүйшөнаалы уулу, активист