ВИДЕО – КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВДИН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН КЫЗМАТКЕРЛЕР ӨЛҮП АТАТ!

738

  ᠌᠌

Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин милиция кызматкери, 37 жаштагы Бердибай Элакунов аз күн мурда коронавируска чалдыгып, кыйналып жаткан видеосу тараган. Көп өтпөй каза болуп калды. 

Биринчи Май РИИБнин кызматкери Эркин Жаанбаев да коронавирустан каза болгону айтылууда, чынбы? Бул боюнча так маалымат чыкпай атканы кандай? Көпчүлүктү кооптондурбай ыкчам жоопторду берип туруу зарыл.

Ушу тапта ИИМ системасында кооптонуу, паника болуп атабы? Эмне үчүн Кашкар Жунушалиев үн катпайт? Өздүк курамга дух берип, аларды вирустан сактоонун камын көрбөйбү? Кыскасы, милиция кызматкерлери да министрдин кайдыгерлигин, ишке чоркок экенин түшүнүп бүтүштүбү?..

Карантин маалында жана пандемия менен күрөшүүдө өз ишин эптей албай, шалаакылыкка жол берген жетекчилер четинен кызматтан алына баштады. Бүгүн, “беш күндө ооруну жеңебиз” деп эпкиндеп келген Саламаттык сактоо миистри Сабиржан Абдикаримовдун кызматтан алынганы кабарланууда. Албетте, анын шалаакылыгынан бир топ ак халатчандар илдетти жуктурду, каза болгондору да бар. Ушундай эле орой кемчиликке ИИМ министри Кашкар Жунушалиев дагы жол бергени жалганбы? Кашкар Жунушалиев карантин учурунда эле өзүнүн жетекчилик сапаты жоктугун айгинелеп, ИИМ тарабынан бир топ одоно мыйзам бузуулар орун албады беле. Ал фактылар боюнча да жоопко тартылбай, “бармак басты, көз кысты” таризинде жабылып калган. Мынакей, андан бери анын шалаакылыгынын айынан канчалаган милиция кызматкерлери оору жуктуруп азап жеп жатат. Айрымдары дүйнө салды. Канчалаган катардагы милиция кызматкерлери карантин учурунда иштеген күндөрү үчүн кошумча төлөнүп берилүүчү айлык маяналарын алалбай, армандарын айтып жүрүшкөнүн кайда катабыз? Өз кызматкерлеринин укугун коргоп, айлык маяналарын тездетип койсо болбойбу? Мындай алешемдиктерге жол берген министр Жунушалиев жоопсуз калбашы керек!

ЧЫНДЫК