Назира Айтбекова: “Атам небересин көрүп ,элжиреп кетти”

710

Блогер,актриса Назира Айтбекова өзүн   жеке баракчасынан бул тууралуу билдирди:

Атам.Кызым келет деп үйүн жыйнап, актап, сырдап күтүп жүрүптүр. Ал да мага окшоп, мени тапкандан бери жер баспай учуп, мага окшоп кыял менен жашап, мага окшоп жашоосуна маңыз кирип калган тура! Ичимдиги, чылымы жок жапжаңы жашоо баштап, өзүн коёрго жер таппай, сүйүнүчтү жандап алыптыр. Планда жок жерден кетип калдым. Жаңы эле ата ордуна коюп эркелеп жүргөн жездемди жерге бергенбиз. Апаат каптап, бүгүнкү көргөнүң эртең жок болуп атса, убакытты узартып жүргүм келген жок. Жолдон баламды айылдан алдым. Кокусунан кирип бардым. Атамдын кубанганынан тегеренгени , ай! Эки түн тынымсыз сырдаштык. Апам экөөнүн жаштыгын, сүйүүсүн угуп жыргадым. Атам ал окуяларды өзгөчө сүйүүсү, сагынычы менен айтып берди. Алардын жаштыгын таптак элестетип жыргадым. Атасы жок чолок болчумун. Майып болуп жан дүйнө майышып турчумун. Аталуу болуп, ааламым толукталып, эки буттап бекем туруп, артымда таянычты сездим. Үнүм өктөм чыгып, каткырсам, каткырыгым жарашып калды. Небереси мурдуна мурдун тийгизип, эркелегенде элжиреп да, ээрип турдум. Үч адамдын кыялын аткардым. Атам кызы, небереси менен жолукту. Кызы атасы менен сырдашты, дүйнөсүн ачты. Небереси таяталуу болду. Кичинекей, жөнөкөй үйдө үч адам болуп көрбөгөндөй бакытка бөлөндү! #жөнэлеойлорБүгүн менден бактылуу адам жоктур!FacebookTwitterWhatsApp