ВИДЕО – Москвадагы кыргыз жигиттер башка улут менен жүргөн кыргыз кыздарына катуу чара көрөрүн эскертишти

561

Бүгүн, 22-июлда Москвада “Люблино” метросунун алдына чогулушкан кыргыз жигиттердин видеотасмасы социалдык тармактарга тарады. Анда эмгек мигранттары кыргыз кыздары сойкулук менен акча таап, үй-бүлөсүн багып жатат деп айыпташты.

Мындай жыйындар Москвада, Санкт-Петербургда жана Екатеринбургда болуп өткөнүн айтышып, кыргыздарды биримдикке, түштүк-түндүккө бөлүнүүнү токтотууга чакырышты. Ошондой эле мындан ары башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөн кыргыз кыздарына чара көрө тургандыктарын эскертишти.

Булак: KyrgyzToday.kg