Чубак ажы Жалиловдун сөөгү качан, кайда коюлары белгилүү болду

490

Белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун сөөгү бүгүн, 11-июлда жерге берилет. Бул тууралуу маркумдун шакирттери жана Азамат Исмаилов билдирди.

Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон.

Маалыматка ылайык, анын жаназасы түштөн кийин саат 16-18 чамасында туулуп-өскөн кичи мекени Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында окулат.

Эске сала кетсек, 45 жаштагы диний аалым бүгүн түндө Улуттук госпиталда үзүлгөн. Жакындары анын пневмонияга кабылып, абалы оорлошуп кеткенин айтышты.