Кыргызстанда коронавирустан жалпы 3236 адам айыкты

181


КирТАГ – КыргызКабар – Кабар. 1937-жылы негизделген

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 3236 адам айыкты

 11/07/20 10:04 COVID – 190

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 102 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Сутка ичинде Бишкек шаарынан 40, Чүй облусунан 12, Ош облусунан 11, Ош шаарынан 11, Баткен облусунан 11, Жалал-Абад облусунан 9, Нарын облусунан 5, Ысык-Көл облусунан 1, Талас облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3236 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды”, – деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.