Кыргызстанда дагы 552 адамда COVID-19 табылып, жалпы 9910 учурга жетти

364

Кыргызстанда 11-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 552 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 9 миң 910 адамга жетти.