Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай атасынын атын саясий максатта колдонбоону суранды

1593

ЖКнын экс-спикери жана парламенттин депутаты, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Facebook аркылуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейидге кайрылып, сот системасы бир кезде анын атасы тарабынан түзүлгөнүн эскертти.

“Кечээ атама үчүлүк өткөрдүк. Мындан ары атамды көрбөй турганымды, кучактап, өпкүлөй албай калганымды түшүнүү мен үчүн аябай оор…”, – деп жазды Айдай.

Чыныбай Турсунбековдун кызы Сеид Атамбаевге кайрылып, атасы буга чейин “жашыруун жана өз демилгеси менен Социалисттик интернационалдын башкы катчысы Луис Айяла менен жолуккан” деген маалыматты четке какты.

“Ооба, чындыгында, Социалисттик интернационалдын башкы катчысы Луис Айяла мырза менен жолугушуу 2020-жылдын 18-январында, ишемби күнү болуп өткөн. Бир күн мурун Айяла мырза КСДПнын депутаттары жана саясий туткундардын аялдары менен жолугушкан. Менин атам бул жолугушууларга катышкан эмес. Бирок кийинчерээк, бир нече депутаттын суранычы менен эртеси күнү Айяла мырза менен жолугушууга макул болгон. Мен бул жолугушууга атамдын котормочусу катары катышкам. Ошондуктан, биз, анын үй-бүлөсү, атамдын иштери жөнүндө кабардар эмеспиз деп ойлобоңуз. Жолугушууда Айяла мырза менин атам жөнүндө уккандыгын жана аны менен жекеме-жеке жолугушууну каалагандыгын айткан. Ошондой эле ал менин атамды Социнтерндин жыл сайын өткөрүлүүчү жолугушуусуна ардактуу конок катары катышууга чакырган. Ал жолугушуу үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Испанияда өткөрүлмөк. – деди Айдай.

Эми КСДП тууралуу сөз кылалы…

Айдай Турсунбекованын айтымында, азыркы КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов анын атасына “жаңы” КСДПны жетектөөнү сунуш кылган. Бирок, атасы “сот аркылуу жеңишке жеткен партияны эч качан жетектебеймин” деп баш тарткан.

“Менин атам Алмазбек Шаршеновичке ишенгендиктен, ал КСДПга кошулуп, өлкөнү жакшы жакка өзгөртүү үчүн бардык күч-аракетин жумшады. Бирок 2014-жылдын аягында алардын мамилеси бузулган. Менин атам менен Алмазбек Шаршеновичтин ортосундагы мамиле Икрам Илмияновдун айынан бузулган. Менин атам анын (Илмиянов) буйруктарына маани бербегендиктен, Алмазбек Шаршенович аларга “же экөөң тил табышасыңар, же болбосо кызматтан кетирүүгө аргасыз болом” деп айткан. Бирок Атамбаев Икрам Илмияновду кызматтан кетирген жок, ошондон бери атам экөөнүн мамилеси начарлап кетти.

Андан кийин белгилүү бир окуялар болуп өттү. Ө.Текебаевди камакка алуу болгон. Менин атам фракция лидерлерин чогултуп, абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге барышкан. Көп өтпөй ошол кездеги Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп турган Сапар Исаков атамдан Ө.Текебаевдин ЖКда иштеген балдызын жана анын жардамчысын (Текебаевди колдоп комментарий жазгандары үчүн) кызматтан кетирүүнү суранган. Атам алар  комментарийди иш убактысында жазышкан эместигин, мыйзам боюнча аларды кызматтан ала албай турганын айтып, бул өтүнүчтү аткаруудан баш тарткан. Ушунун бардыгы Алмазбек Шаршеновичтин атамды Чыныбай Чиркешевич деп атагынына себеп болгон.

Ошондой эле , менин атам ЖКнын спикери болуп турган мезгилдеги бир окуя эсиме келди. Ал күнү биз үй-бүлөлүк бир маараке белгилеп олтурганбыз. Ошол учурда атама Алмазбек Шаршенович телефон чалып, Нарын областына пландалып жаткан иш сапарынан баш тартууну сунуштады. Бул сунушун ал атамдын жанына оппозициядагы депутаттар чогулгандыгы менен түшүндүрдү. Атам ага жооп катары мындай деди:”Алмазбек Шаршенович, мен КСДПнын мүчөсү болуп келгенмин жана болуп кала беремин. Мен баары бир ал жакка барышым керек, мени ал жерде эл күтүп жатат. ” Эртеси таң эрте Өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү телефон чалып: “Атамбаев өзү телефон чалды, сизди тосуп албагыла ” деп тапшырма берди. -деди. Бирок ага карабастан атам Нарынга жөнөп кетти. Тилекке каршы, чогуу бара турган бир нече депутаттын капыстан эле зарыл жумуштары чыгып, алар да барбай калышты. Менин билишимче, атам бир-эки эле депутат менен бирге жолго чыгышты.

Айткандай эле, ЖКнын спикерин Нарындан эч ким күтүп алган жок. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү да, шаардын мэри дагы тосуп чыгууга жарабады. Бирок атам аны күтүп жаткан эл менен жолугушуп, кайра Бишкекке кайтып келди.

Бишкекке кайтып келгенден кийин, атам бизди үй-бүлөлүк кеңешке чогултту. Ал “мен отставкага кетем, себеби ишеним болбогон жерде ийгилик болбойт ” деди. Ошентип ЖКнын спикери болуп Алмазбек Шаршенович ишенген адам келди. Бирок менин атам Алмазбек Шаршеновичти ага саясаттын эшигин ачкан адам катары сыйлаган,” – деп кошумчалады.”, – деди Айдай Турсунбекова.

Айдай Турсунбекова Сеид Атамбаевге кайрылып, атасынын атын саясий максатта колдонбоону суранды.

“Сеид, биз өзүбүз күбө болбогон окуялар жөнүндө жазып жатабыз. Атаңыздын ишин улантууну көздөп жатканыңызды түшүнүп турам. Бирок менин атамдын көзү өтүп кетти. Ал чыккынчылык, интрига жок жакка кетти. Жаткан жери жайлуу болсун. Суранам, менин атамдын атын саясий максатта колдонбоңуз. Атамдын досторуна жана шериктештерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Жылуу сөздөрүңүздөр үчүн рахмат”, – деди Айдай Турсунбекова.

PS: Ооба, чындыгында эле журналист Улан Эгизбаев биздин үй-бүлөгө таандык пансионатта каза болгондон кийин менин сиңдиме карата Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ошол учурда пансионаттын коммерциялык директору болгон кичүү сиңдим Чолпон-Атага жана Караколго 2 жыл бою соттук отурумдарга барды. Ортодо ал балалуу болуп, кичинекей наристеси менен да сотко барып жүрдү. Сиз биздин сот тутумубуздун бардык  жактарын өзүңүз билесиз. Бирок, Сейид ушул сот систамасын бир убактарда сиздин атаңыз Алмазбек Шаршенович Атамбаев түзгөн!”- деп кошумчалады Айдай.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg