«Республика» партиясы Даир Токобаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу жакындарына көңүл айтты

182

“Республика” саясий партиясынын билдирүүсүндө “Даир Токобаев мекенчил, мыкты уюштуруучу, өз жөндөмү менен биз үчүн абройлуу, үлгүлүү инсан болчу!
Өлкөбүздө бир топ жаңы багыттагы долбоорлорду ишке ашырып, биздин мамлекеттин өнүгүшүнө өзгөчө жана зор салым кошту!
Жаркын элеси түбөлүк биздин жүрөгүбүздө сакталат!” – деп жазылган.

Эске салсак Даир Токобаев 34 жаш курагында пневмониядан улам көз жумду.

Даир Токобаев 1986-жылы Бишкек ш. төрөлгөн.
2008-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөн, мындан тышкары АКШдагы Yale университетинде билим алган.

“Манас” эл аралык аэропортунун инвестициялык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча вице-президенти, өкмөттүн алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары болуп иштеген.

Даир Токобаев өзүнүн профессионалдык иш тажырыйбасында мамлекеттик кызматтан тартып, юридикалык аналитика, медиа-политика, бизнести башкаруу жаатында эффективдүү иш алып барган.