Саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы каза болду

4794

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун  жубайы эки тараптуу пневмониядан  каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Жанара Турдакунова 5 күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

“Чындык” маалымат агенттиги саясатчынын жубайы Жанара Турдакунованын мезгилсиз көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.