Өлкөдөгү фарм компаниялар коомчулукка чукул кайрылуу жолдошту

1286

“Жакында дары саткандар да азаят”.

Дарыканаларда иштегендер дагы массалык түрдө ооруп калышыты.


Кыргызстанда дарыкана кызматкерлери ар кандай адамдар менен тынымсыз байланышта болгондуктан, массалык түрдө ооруп калышты, жакында дары саткандар да азаят, дейт Б.Д.Данияров атындагы кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун балдар анестезиологиясы жана реанимация курсу менен биргелешкен педиатрия кафедрасынын ассистенти Айгүл Черикчиева.
Ал элдин массалык түрдө дары-дармектерди сатып алып жатканын белгилеп, коронавирус менен ооругандарга медиктер жардам берип жетишпей жаткандыгын жана элдин бары коркуп, дарыканаларга чуркап жаткандыгын айтты.
«Дарыкана кызматкерлери медицина кызматкерлери сыяктуу эле тобокелчиликке салып, өз милдеттерин аткарып жатышат. Элге дары ар дайым керектелет. Ошон үчүн дарыкана кызматкерлеринин ишине түшүнүү менен мамиле жасоо керек.
Белгилүү болгондой, биздин өлкө импорттон көз каранды. Бардык дары-дармектер тыштан ташылып келет. COVID боюнча дарылоонун протоколдору дүйнө жүзүндө бирдей. Дүйнө эли ооруп жатат. Анын ичинде рыногунун көлөмү чоң жана төлөө мүмкүнчүлүгү жакшы болгон ири өлкөлөрдө дагы оору жүрүп жатат.
Азыркы тапта COVIDден дарылоочу дары-дармектер үчүн өндүрүүчү заводдор арасында атаандаштык абдан чоң. Албетте, алар төлөгөн ири сатып алуучуларга берүүнү каалашат. Демек, биздин дистрибьюторлор заводдогу дарылар үчүн мындайча айтканда, салгылашуусу керек болот.
Коронавирус пандемиясы үчүн россиялык завод-өндүрүүчүлөр дарыга болгон бааны көтөрүүгө мажбур, анткени алар дары жасоо үчүн зарыл болгон керектүү каражаттарды Кытайдан ала албай жатышат. Андан тышкары, коронавируска байланыштуу кирген чектөөлөрдүн кесепетинен авиа жана автокаттамдар менен аткарылуучу жүк ташуулардын баасы эки эсе өсүп кетти.
Дары-дармектердин баасына ошондой эле доллардын курсу дагы таасир этти, себеби өндүрүүчүдөн доллар менен гана сатып алышат. Дагы жакшы, азыр эми Кытайдан дары алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Ал эми ошол эле учурда, Кыргызстандагы мамлекеттик органдар дарыканаларды көрсөтмө катары текшерип, аларды бурчка алып барып, камап койгондой эле болушту. Эгер бул дагы улана берсе, дары алып келбей коюшат. Эң маанилүү делген позициялар боюнча дефицит пайда болот. Дарыканалар дары чыгарбайт да. Алар болгону даяр продукцияны гана сатышат.
Мындай көрүнүштөр улана берсе жакында дарыканалар дагы иштебей калат. Анда элдер оору менен жекеме жеке калып калышат. Мындай текшерүүнүн кимге кереги бар?
Бүгүн эң башкы тапшырма өз алдынча изоляцияда жаткан, ооруп аткан калкты дары менен камсыз кылуу. А ооруп жаткандар калктын көп бөлүгүн түзөт.
Баалар боюнча калкка туура маалыматтарды жеткирүү зарыл. Бааны дарыканалар койбойт, ал дүйнөлүк фармацевтикалык рынокко байланыштуу болот.
Мамлекеттик органдар коронавирус менен күрөшүүдө дарыканалардын ролун түшүнүүсү керек жана аларга бут тоспостон жардам берүүсү зарыл”, – дейт Черикчиева.