Пархат Тулендыбаев, ЖК депутаты: Биз элибизге жардам берүүгө милдеттүүбүз!

1019

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев депутаттарды бир фронтго биригип, кыргыз элине жардам берүүгө чакырды.

Урматтуу мекендештер!
Урматтуу коллегалар!

Мамлекетибизди Коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну каптап оор абал түзүлүп жатат!
Медициналык персоналга оор жүк артылып, кошумча дем алдыруучу аппараттар жетишпей, ооруга чалдыккан жарандарыбызга ооруканаларда орун тийбей жаткандыгы өкүндүрөт жана түйшөлтөт!
Бирок мындай учурда эл бирдиктүү күч болуп, ынтымакта жаралган маселелерди чечүүдө.
Мындай учурда ар бир атуул өз милдетин аткарууга милдеттүү. Биз дагы өз кезегибизде биригип элибиз үчүн жеке иштерибизди, ойлорубузду артка коюп жалпы элдин жаркын, тынч жана бейпил жашоосу үчүн иш көрсөтүшүбүз абзел!
Урматтуу коллегалар!
Баарыңыздарды эпидемияга каршы бир фронтко биригип туруштук берүүгө чакырамын!
Биз элибизге жардам берүүгө милдеттүүбүз!
Кыргыз элиме сабыр тилейм!