Эки тараптуу пневмония менен ооруканага которулган Атамбаевдин абалы тууралуу айтылды

450

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абалы дурус көрүнөт, ал Президенттин иш башкармасынын клиникалык ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

-Бүгүн Алмазбек Атамбаев менен кезиктим, – деди юрист. – Талкуулай турган бардык маселелерди сүйлөштүк. Негизинен, абалы дурус көрүнөт. Дарыгери менен да сүйлөштүм. Эки тараптуу пневмония ырасталыптыр. Азыр тийиштүү дарылануусун алып жатат.

Эске салсак, кечээ, 29-июнда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталып, ооруканага которулганы маалымдалган.

Атамбаев 2019-жылы Кой-Таштагы окуя боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага карата козголгон дагы бир иш боюнча жакында өкүм чыгып, ал 11 жыл эки айга эркинен ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg