Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды

157

 Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-июнда болжол менен саат 09:40та куткаруучулар Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан батирдин эшигин ачышкан, ал жерден 1952-жылы туулган эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.