Экотех сага айтам, Мамстандарт сен ук!

175

Өзөгүбүзгө өрт салган коррупция, контрабанда ушул жакта өңдөнөт

Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Азиз Бейшекеев мырзанын акыркы берген маалыматтарына таянсак, быйылкы эле жылы 828 өрт кырсыгы болуптур. Өткөн жылды да айтпай кете албайбыз. Анткени, 2019-жылы Кыргызстандын бир топ жеринде жүрөк үшүн алган өрткө байланыштуу окуялар көп болду. Адам өмүрүн кыйган фактылар да жок эмес. Башкасын айтпаганда да, базарларлардын байма-бай өрттөнүп турушу көптөрдү ар түркүн ойго салды. Ош базарынын ар жерин бери дегенде 4-5 жолу өрт жалмап, аягы ар түркүн божомол анан калса ички интрига саясаты менен барып токтоду. Калаадагы кафе, ресторан, жеке турак-жайлар да куру калган жок. Маалыматтар боюнча өткөн жылы 1193 учур катталган. Көпчүлүгүнүн башкы себеби, электр энергиясына тийиштүү болуп, эскилиги жеткен зым чубалгылары же сапатсыз кабельдер башкы орунга чыга келген. Иттин өлүгү ушул жерде көмүлгөн десек жаңылышпайбыз. Анткени коомчулук билбеген, карапайым калк капарына албаган, билген адистер билмексенге салган, бир мандем ошол электр кубаттуулугун өз көлөмүндө өткөрө албаган, стандартка туура келбеген, сапаты начар жасалма кабельдердин жасалып, анан базарларда сатылып жатышында тура.

Сапаты начар кабелдер каяктан, кантип Кыргызстанга кирип жатат?

Тереңирээк талдап көрөлүчү. Электр энергиясы өтө тактыкты, стандартты, сапатты талап кылган тармак. Ал сенин “акмакчылыгың” менен тобокелчилигиңди кечирбейт. Ага жол бердиңби, кырсык таап, өмүрүңө тобокел келип, олчойгон чыгымдан башканы көрбөйсүң.
Азыр базарларда сапатсыз, Кыргызстандын эле аймагында туруп, такыр эле стандартка туура келбеген кабелдерди жасап, аны Түркиядан жасалган же Орусияда чыгарылган дегенди жаза коюшуп, сатып жаткан атайын ишканалардын пайда болгонун айткыбыз келип турат. Чындап эле ошондой болуп жатса, алардын адам өмүрү менен ойноп, өздөрү олчойгон акчаларга туйтунуп жатканы жаныбызды кейитет.
Кабелдер ички зымдарынын көлөмүнө, анын кубаттуулукту көтөрүүсүнө жараша бөлүнүп, ошого жараша баасы болот. Албетте, канчалык чоң жана майда тарам зымдарынын калыңдыгы-бул кубаттуу дегендик. Биз жогоруда сөз кылган айрым фирмалар, мына ошондой кубаттын кунарын качырып жогору деп саналган кабелдердин ичине, ичке, энергияны өткөрүү сыйымдуулугу аз болгон зымдарды салып, сыртын кайра каптоо технологиясын иштеп чыгып, анын сыртына көлөмү көп болгон кубаттуулукту көрсөтүп, анан “Түркияда же Орусияда жасалган” деп жазып сатып жатышканын байкагандар баамдап айтып жатышат.
Мунун канчалык чындыгы бар экенин кыргыздын кырмычык кырып жээр кыйын энергетиктери деле баамдап койсо керек. Себеби, ал кабелдер ачык эле базарларда сатылып жатыптыр. Мындай иштердин чын эле болуп жатышын тийиштүү мекемелер текшерип, териштирип өз баасын берип койбосо, аягы коррупция эле жыттанып калчудай болуп турат. Товарлардын баасын эле көзөмөлдөбөй алардын стандартына да көз кырын сала турган органдар кай жакты карап жатканы да түшүнүксүз.
Учкай уккан маалыматтарга таянсак, Недим аттуу түрк ишкери кожоюндук кылган “Аслан кабель” фирмасы сыяктуу бир топ ишкерчилик чөйрөлөр алектенээри айтылып жатат. Анын ак-карасын атайын кызматтар иликтейт деген ишеничте туралы.
Ооба, өлкөдө “поктон” гүл жасайм деген ар тармакта коррупция тамыр жайганы жашыруун деле эмес. Чындап эле аталган фирмалар ошондой от менен ойногон иштерге барып жатса, анда бул тармакты тескеген атайын кызматтар кыргызга чоң кыянатттык кылгандар деп билебизби? Албетте. Эгер эртең мындай иштерге ыкчам чаралар көрүлүп, текшерүүлөр болбосо коомчулукта аларды калкалаган күчтөр кыргыздар өзүбүз экендигибиз айдан ачык болот. Себеби, четтен келген ишкерлер Кыргызстан билген намазын окуп, каалаганын кыла бере турган “дешевый” өлкө эмес экенин жакшы билишсе керек. Аны биз да жакшы түшүнүп турабыз.
Андыктан, мындай иштерге жалпы коомчулук назарын буруп, журт жакшыларынан тактоону талап кылбасак “өрттөнүп” эле кетебиз го! Бул жайда сөз көп экен.