Сөз эркиндиги жана Өмүрбек Текебаев

275

Сөз эркиндигин колдогон митинг абдан жакшы уюшкандыкта өткөнү, кайдыгер эмес жарандарыбыз эркиндикти чектегиси келген депутаттарга берген жообу мыкты болду! Ал үчүн алкыш!

Дал ошол акцияга үн кошуп, бийликтердин интернетти көзөмөлдөө максатын ачык сындап, каршылык көрсөткөн кадамы үчүн жаштар Өмурбек Текебаевге ыраазычылык гана билдиришибиз керек деп ойлойм. Бир буту сотто турганына карабай, башка саясатчыларга окшоп жашынбай, бийлик таарынат деп коркпой, жаштарды ачык колдогон Текебаевден башка дагы ким болду? Эч ким. Башкаларын болсо президентти Манаска тенеп кошоматтанып, бийликтин партиясынан орун издеп бөйпөндөп отурушат. Ошол жерде эки жигит Өмурбек Чиркешовичке бир аз сын айтып койсо, «жаштар Текебаевди митингден кууп чыгыптыр» деп калп-чынын аралаштырып көбүртүп жазып, видеону таратып, айрымдарга кудай берип эле калды. А канча жаштар келип Текебаевдин колун кысып, алкыш айтып кеткенин көргүсү келишпейт. Сөз эркиндигин колдоп чыккан ошол эки бала, митингди менчиктеп алгандай мамилеси танкалтырат. Башкалардын пикирин урматтаганды билбесен, эркиндик деп митингде эмне кылып жүрөсүн?

Кыргызстан эгемендик алгандан бери экономикалык бир топ кыйынчылыктар коштогону менен, салыштырмалуу эркин өлкө боло алдык. Бул чон байлыгыбыз. Дал ушундай ой-пикирди эркин айтып, сөз эркиндиги калыптанган мамлекет болушубузга Өмурбек Текебаевдин ролу абдан чон, ушул кишилердин эмгеги! Диктаторлорду, сын айткандарды камагандарды, ээсин тааныбай эсирген президенттерди Текебаев башында турган оппозиция ордуна коюп турду! Ошон учун азыр мынтип пикирибизди түз айткан ачык коом кура алдык. Ал кезде Текебаев электорат издеп келди деген эки жигит нанды «на-на» деген тестиерлер болсо керек эле. Баскан жолду, улуу муундун эмгегин да биз баалаганды билишибиз керек. Биз да убагында ушинтип эркин медианы колдоп жүрүшкө чыкканбыз, ошондо азыркы сын айткан жигит кайда жүргөнүн билбейм. Бирок элибиз калыс эмеспи, эмгекти баалаганы үчүн бир нече жылдан бери олигархтардын партиялары акчаны самандай чачса да жүз миндеген жарандарыбыз бир тыйын албай Омурбек Текебаев (Omurbek Tekebaev)ди колдоп, добуш берип келатышат. Буюрса, баары алдыда.

Жанар Акаев, ЖК депутаты