Каратаев: Өткөн сутка ичинде жети бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

13

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда жети бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши), Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши), №2 клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши), Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши) жана кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши) бейтап илдеттен каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-июнга карата коронавирус илдетин жуктурган жаңы 279 учур катталып, жалпы илдетке чалдыккандардын саны 5296га жетти. Алардын ичинен 830у медицина кызматкери. Илдеттен 2370 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 57 адам каза болду.